Чүйдө кыргыз-өзбек унаа заводунун курулушу башталды
RU

Чүйдө кыргыз-өзбек унаа заводунун курулушу башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-өзбек унаа заводунун курулушу башталды. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, иш-чарага Акылбек Жапаров катышып, жеңил унааларды жана коммерциялык техникаларды кураштыруу жана чыгаруу боюнча жаңы заводдун курулушуна капсула салды.

Белгилүү болгондой, "Алтын Тулпар Унаа Курулуш" заводу Чүй облусунун Ак-Суу айылына курулат.

Министрлер кабинетинин төрагасы эки республиканын биримдигин чыңдоого зор салым кошкон эки өлкө лидерлерине ыраазычылык билдирди.

"Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук мамиле жаңы деңгээлге чыкты. Өз ара сапарлар жүргүзүлүп жатат, бул биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты чыңдоо жана кеңейтүү боюнча макулдашуулар менен ырасталган.

Мунун далили - бүгүнкү жеңил унааларды жана коммерциялык техникаларды кураштыруу жана чыгаруу боюнча жаңы заводдун курулушуна капсула салынышы. Бул эки өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ долбоор", - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, заводду Кыргыз Республикасынын аймагында куруу боюнча макулдашуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 2023-жылдын январында Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген.

Алгачкы этапта заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 миң автоунааны түзөт жана 1000ден ашуун туруктуу жумуш орундары түзүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12194