"Митингге чыкканга даярбыз". "Электр станциялар" ишканасынын жумушчулары кайрылуу жасашты
RU

"Митингге чыкканга даярбыз". "Электр станциялар" ишканасынын жумушчулары кайрылуу жасашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун эмгек жамааты президентке кайрылып, ишкананы Бишкектен Кара-Көл шаарына көчүрбөөнү суранышты.

Kaktus.media сайтына аталган компаниядан билдиришкендей, кайрылууга 250 жумушчунун ичинен 200дөн ашыгы кол койгон.

"Биз керек болсо митингге да чыкканга даярбыз, президент үнүбүздү укса эле болду", - дешет жумушчулар.

Белгилесек, Энергетика министрлиги "Электр станциялары" ишканасын бардык адистери менен кошо Кара-Көл шаарына көчүрүүнү мерчемдешкен.

[/gallery2]Жумушчулар президентке жана Жогорку Кеңештин депутаттарына жолдогон кайрылуусунда көчүрүү үчүн 400 миллион сом талап кылынарын, бул чыгымдарды эске алууну белгилешет. Ошондой эле алардын айтымында, бийик тоолуу аймактарда иштегени үчүн жумушчуларга ай сайын айлыкка 20% кошумча төлөм төлөнүшү керек.

"Жайгашкан жерди өзгөртүү, башкача айтканда, бир жерден экинчи жерге көчүү менен байланышкан реформалар квалификациялуу кадрларды жоготуудан башка эч нерсени өзгөртпөйт. Анткени, көбү үй-бүлөсүн ташыгандан көрө жумуштан кетүүнү артык көрүшөт", - деп кошумчалашты кызматкерлер.

Мындан тышкары алар бул кадам электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү боюнча ишти үзгүлтүкко учуратышы мүмкүн экенин белгилешет.

Жумушчулар 2022-жылы мурдагы энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин кысымы менен Бишкек ЖЭБинин имаратына көчүрүлгөндөй абалда калабыз деп чочулашууда. Тагыраагы, иштегенге шарт жок, ушул күнгө чейин эч нерсе жасалган эмес дешет.

"Көчүрүү маселеси кандай максаттарды көздөп жатканын түшүнө албайбыз, анткени СССР маалында азыркы ГЭСтердин баары курулгандан бери ишкана Бишкекте жайгашып, ушул жерден башкарылчу", - дейт кызматкерлер.

Алардын айтымында, компанияны көчүрүүдө өндүрүш процессин камсыз кылуу үчүн архивдик кызматтын ишин уюштуруу зарыл. Себеби, иштин өзгөчөлүгүнө байланыштуу кызматкерлер техникалык архивдердин маалыматтарын дайыма колдонушат.

Мындан тышкары эмгекчилерге жана алардын үй-бүлөсүнө турак-жай шарттарын түзүү, аларды мектепке чейинки балдар жана мектеп мекемелери менен камсыз кылуу, үй-бүлөнүн мүчөлөрүн ишке орноштуруу маселесин иштеп чыгуу зарылдеген айтышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12196