Каракол шаарынын мэри болуп Чингиз Бапаев дайындалды
RU

Каракол шаарынын мэри болуп Чингиз Бапаев дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Каракол шаарынын буга чейинки мэри Эрмат Джумаев Талас шаарына калаа башчы болуп барды. Анын ордуна Чингиз Бапаев Каракол шаарынын мэри болуп дайындалганын президенттин администрациясынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койгон.

Чингиз Бапаевдин өмүр баяны:

  • 2008-жылы жетектөөчү адистин милдетин аткаруучу;
  • 2008-2012-жылдары Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясында жетектөөчү адис;
  • 2012-2015-жылдары Мамэкотехинспекциянын Каракол, Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондор аралык бөлүмүндө адис-инспектор;
  • 2017-жылы Пристань-Пржевальск аймактык башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
  • 2017-2021-жылдары Пристань-Пржевальск аймактык башкармалыгынын башчысы;
  • 2021-жылы Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
  • 2021-жылы шаардык кеңештин депутаты;
  • 2021-жылы Каракол шаарынын биринчи вице-мэри.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12232