"Коррупционерлер бошотулуп, активисттер бошотулбай жатат". Президент мунун себебин айтты
RU

"Коррупционерлер бошотулуп, активисттер бошотулбай жатат". Президент мунун себебин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер менен жолугушуп, суроолоруна жооп берди. Анда СИЗОдо отурган талапкер Илгиз Шаменовдун өкүлү Кемпир-Абад окуясы боюнча кармалгандардын тагдыры тууралуу маселени көтөрдү.

"Коррупцияга айыпталган Тенгиз Бөлтүрүк жана башка аткаминерлер өз аракеттери менен бюджетке миллиондогон доллар зыян келтирген адамдар абактан чыгып кетүүдө. Ал эми өз позициясын айтып, өз пикирин айткан жарандар 6 айдан ашык абакта отурушат", - деди Шаменовдун өкүлү.

Мамлекет башчы буга эмоцианалдуу түрдө жооп берип, Өзбекстан менен мамлекеттик чек араны такташуу кыргыз тарапка пайдалуу болгонун айтты.

"Кыргыз мамлекетине 100 пайыз пайдалуу чечим болуп атса позициядан айланасыңбы?! Андан көрө колдоп бер да, позицияңды өзгөрт! Билимдүү адам биринчи кезекте кагазды, архивди карайт.

Биз 1 сантиметр жерди берген жокпуз, 10 чакты айылда талаш жерлер бар болчу, алардын баарын алып келдик. Гавасайды алдык, Үңкүр-Тоону алдык. Үңкүр-Тоо сеники эмес болчу.

СССРдин, Кыргызстандын, коңшу өлкөнүн картасында да 36 гектар жер Өзбекстандыкы деп турган. Ошол үчүн Каримов 2016-жылы танкасын алып келип коюп койгон. Бир киши танкаңды алып кой деп айта алган эмес. Эки апта бою Ала-Бука, Чаткалга өтө албай турдуңар го, чынбы же чын эмеспи?! Биз ошону тил табышып алып келдик, азыр биздин картага кирди. Кемпир-Абадды 65 жыл алар башкарып келди, 1 чакырым жакындасаң эле атчу. Азыр 50 пайызын алдык, теңме-тең башкарабыз. Сууну ачсак да, жапсак да чогуу чечим кабыл алабыз", - дейт Жапаров.

Президент оппозиция болгондорго жүйөөлү себеп менен, факты менен чыккыла дейт.

"Биз туура эмес кылып жатсак, ошону факты менен айтып чыксаңар бир жөн, мен да уялып, тартынмакмын. Бирок муну Тенгиз Бөлтүрүк менен салышытырып жатасыңар. Ал жегенинин барын кайра төгүп берди. Ошол үчүн чыкты. А сенин Шаменов досуңдун иши башка кылмыш. Ал "төңкөрүш кылам" деп акча таратып, блогерлерди жумшап жатпайбы. Айырмасы асман менен жердей.

Бизде азыр ичип-жеген министрлерди акчаны төктүрүп туруп, чыгарып коюу принциби бар. Эмне кылабыз аларды түрмөдө кармап?

Мына, билим берүү министри (ред.: Алмазбек Бейшеналиев) 110 миң доллар алып кармалды эле акчаны өкмөттүн пайдасына төктүрүп, өзүн чыгарып койдук. мындан ары ушундай саясат уланат. Жедиңби, жегениңди эки-үч эсе кустурабыз, төктүрөбүз анан чыгарып коё беребиз. Ал эми коомго зыян келтире турган ишти жасап атса, эмнеге башынан сылашыбыз керек, башка кылмыш иши башка".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12237