Кочкор-Атада 42 окуучу жапырт ууланды. Милиция териштирүүнү баштады
RU

Кочкор-Атада 42 окуучу жапырт ууланды. Милиция териштирүүнү баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында 42 окуучу ууланып, ооруканага кайрылышкан. Алар белгисиз жытка ууланганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абаддагы координатору Каарманбек Байдавлетов Kaktus.kg сайтына билдирди.

Айтымында, окуя 11-майда №15 мектепте болгон.

"Анда 6-7-8-класстын окуучуларына медиктер лекция өтүшкөн. Алгач 2-3 окуучу өзүн жаман сезип баштаган. Ошентип ооруканага жалпы 42 окуучу кайрылган. Алар жагымсыз жыт чыкканын айтышкан. Бүгүнкү күндө 29 окуучу ооруканада дарыланууда, абалдары канааттандырарлык. Калгандары үй көзөмөлүнө чыгарылды", - дейт Байдавлетов.

Ал эми облустук ички иштер башкармалыгынан Kaktus.kg`ге окуя боюнча буларды билдиришти.

11-майда Кочкор-Ата шаарындагы Беки уулу Семетей атындагы №15 орто мектебинен "Тез жардам" кызматына чакыруу түшкөн. 40тан ашуун окуучуга медициналык жардамдар көрсөтүлүп, алдын ала "белгисиз заттан уулануу" диагнозу коюлган.

Окуучулар мектептин бир кабаттан экинчи кабатына көтөрүлгөн тепкичинде жана коридорунда кандайдыр бир заттын жыттанганын, эч кандай тамак-аш, суусундуктарды ичип-жебегенин айтып беришти.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн электрондук маалыматтарды каттоо журналына "Уулануу" болуп катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты милициядан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: РИА Новости/Александр Кряжев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12241