Александр Лукашенконун ооруканага түшкөнү айтылууда
RU

Александр Лукашенконун ооруканага түшкөнү айтылууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Беларусь өлкөсүнүн лидери Александр Лукашенко 13-май күнү кечинде ден соолугуна байланыштуу президенттик клиникага жеткирилген. Мындай маалыматты "Еврорадио" басылмасы жазды.

Анда айтылгандай, Лукашенко ишемби күнү саат 19:00 чамасында Дрозды суу сактагычынын жээгинде жайгашкан Беларусь президентинин администрациясынын республикалык клиникалык медициналык борборуна түшкөн.

Ошондой эле кортеж өткөн маалда ооруканага баруучу жол жабылып, коопсуздук кызматкерлери турганын белгилеген аталган басылма.

Акыркы күндөрү Лукашенко коомдук жана медиа мейкиндигинде көрүнбөй калды. Анын басма сөз кызматы 9-майда Москвада парадда жүргөндө аны менен түшкөн сүрөтүн жарыялаган. Парад аяктагандан кийин Лукашенко Россиянын президенти Владимир Путин жана КМШ өлкөлөрүнөн келген башка коноктор менен Александр бакчасына гүлчамбар коюу үчүн жөө барбай, унаа менен жеткирилген. Ошол эле күнү ал Минскидеги майрамдык иш-чараларга катышып, бирок салттуу сөз сүйлөгөн жок.

Ал эми "Беларускі Гаюн" мониторинг жүргүзүүчү топ 14-майда түштөн кийин Александр Лукашенко Беларустун Мамлекеттик туу, Мамлекеттик герб жана Мамлекеттик гимн күнүн белгилөө салтанатына келбегенин жазды. Былтыр бул салтанатка катышып, сөз сүйлөгөн. Бул жолу анын ордуна премьер-министр Роман Головченко сүйлөп, ал эми Лукашенконун куттуктоолору сайтка жарыяланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12254