Каржы пирамидасын жарнамалагандарга 200 миң сомго чейин айып салынат. Мыйзамга кол коюлду
RU

Каржы пирамидасын жарнамалагандарга 200 миң сомго чейин айып салынат. Мыйзамга кол коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул туурасында президенттик администрациядан кабарлашты.

Мыйзам 2023-жылдын 5-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин жоболорун актуалдаштыруу жана ири өлчөмдөгү зыян келтирүү менен финансы пирамидасын ачык айкын, массалык маалымат каражаттарын жана интернет-ресурстарын колдонуу менен жарнамалоо үчүн жоопкерчиликти белгилөө, ошондой эле жарандардын укуктарын коргоо каралган.

Демек, Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинде финансылык пирамиданы уюштуруу маселелери каралган.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин жогоруда белгиленген ченеминде финансылык пирамиданы жарнамалоо маселелери регламенттелбегендигине байланыштуу, кабыл алынган мыйзам менен 221-беренеде финансы пирамидасын ачык айкын, массалык маалымат каражаттарын жана интернет-ресурстарын колдонуу менен жарнамалоо, ири өлчөмдөгү зыян келтирүү менен коштолсо, 1500дөн 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин (150000 ‒ 200000 сомго чейин) айып салуу жоопкерчиликтери белгиленген өзүнчө норма менен толукталды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12267