Нурзат Токтосунова: Манхэттенде жүргөндө дагы азыркыдай бактылуу болгон эмесмин
RU

Нурзат Токтосунова: Манхэттенде жүргөндө дагы азыркыдай бактылуу болгон эмесмин

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгилүү алып баруучу Нурзат Токтосунова Kaktus.kg сайтына курган маегинде жеке жашоосу тууралуу айтып берди. Ал кыйынчылыктардан кантип чыкканына, көйгөйлөрдү кантип жеңгенине кененирээк токтолду.

"Көйгөй барында бар. Мен көп жыл төрөй албай жүрдүм. Ыйлабаган күнүм болгон эмес, ошондо да бирөөгө көйгөйүмдү айтпаптырмын. Карышкыр сыяктуу өз жарамды өзүм айыктырып жүрдүм. Мен негативимди бирөө менен бөлүшүп жеңилдеп калам, а бирок уккан кишиге акча төлөшүм керек болуп калат да. Канча жыл негативдерди бекер уктум, болбойт экен дедим. Жан дүйнөм кыйналып кетти. Анан акча жасап баштадым", - дейт.

Ар кандай курстарды, онлайн-сабактарды өтүп, ошол эле учурда үй-бүлөсүнө убакытты кантип бөлүштүрүп, өзүн өстүрүүгө кантип жетишет деген суроого тайм-менеджмент ыкмасын колдонорун айтат.

"Приоритетте үй-бүлөм турат. Жолдошум аптасына 3 күнгө уруксат берген, каалаган ишимди жасайм. Дал ошол күндөрү сабактарды өтөм. Калган күндөрү үй-бүлөм менен болом. Жолдошум "эмнени окутасың?" деп, сабак өтүп жатканда угуп отурат. "Мага деле сабак өтчү" деп калат. Сенде андай көйгөй жок деп айтам.

Азыр көчөгө чыккым келбейт. Мен бактысыздыгымдан көчөдө жүрүптүрмүн. Көрсө, жакшы эркек жан дүйнөңдөгү бардык боштукту толтурат экен.

Бир дагы жолу толуп кеттиң, бырыш түшүп калыптыр жана башка нерселерди айткан эмес, айтпайт дагы. Бул эмне деген кенендик? Ал өзү 40 жыл идеалдуу тазалыкта, идеалдуу тартипте жашаган киши. Анан биз барып "бомба" түшүрдүк да. Карап отуруп айтты: "Мен түшүнөм, мен бул күндөрдү кыялдангам. Бала-чакабыз чоңоюп, бутуна турганча мен жеке буюмдарымды таппай калат экем" деп. Ал баарын кабыл алды. Ал эми канча эркек аялы менен күнүгө ушул нерсе үчүн урушат. Мен кайната, кайненеме ыраазымын, балдарын сүйүүгө, мээримге тойгузуп, өзүнө ишенимдүү адамды чоңойтуптур. Көрсө, жаралуу адам гана жаралуу нерсени тытат экен.

Мен азыр канаттын астына кирип, коргоого алындым. Ишенесиңерби, азыр эт кайдан келип жатканын билбейм. Мурда тоталдык көзөмөл болчу. Азыр бул жок, тигил жок деп коём, алып келип коёт. Бир алып келгенде эле 25 самын.... алып келет. Эмне мынча көп десем "2-3 күн сайын эле мага самын алып кел дей бербешиң керек, мен 1 ай самын жөнүндө унутушум керек, башка жумуштарым бар" дейт. Бул анын акчасы көп дегендик эмес, акчасы аз болсо да көп кылып алып келет. Демек, биз майда нерселерге убактыбызды көп коротот экенбиз", - дейт.

Азыр бактылуумун деген алып баруучу, аялга көп нерсенин кереги жок экенин белгиледи.

"Америкадагы Манхэттенде, Нью-Йоркто же Швейцарияда жүргөндө, Альпынын үстүндө турганда да азыркыдай бактылуу болгон эмесмин. Балдарымдын жолдошумдун жанындагыдай бактылуулук болбогон. Керек болсо нормалдуу уйку жок болчу. Таң эрте саат 5-6да турчумун. Азыр эл укчпасын канчада турарымды. Азыр ушунчалык жайылдым. Аял издегенин тапканда деңиздей болуп калат экен. Көп деле нерсе кереги жок тура", - дейт.

Ушул жылы Нурзат Токтосунова апасын жоготту. Айтымында, көп жылдан бери ооруп жүргөн.

"Апамды жоготуп, ыйлактап жатканда эжемдин жүрөгү ооруп калды. Ошондо балдарым үчүн жашашым керек экен дедим. Апам сыймыктангадай болуп жашоону улантышым керектигин билдим".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12291