Зыяратчылардын биринчи тобу Меккеге июнь айында учушат
RU

Зыяратчылардын биринчи тобу Меккеге июнь айында учушат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу июнь айынан тарта Сауд Араб Падышачылыгына жөнөй баштайт. Бул туурасында Муфтияттан маалымдашты.

Зыяратчылар 12-июнда Бишкек-Медина багыты боюнча Сауд Араб Падышалыгынын Медина шаарына учуп кетишет. Ар бир топто 672 зыяратчы бар, аларды 15 ажы башчы коштоп бармакчы.

Ал эми ажылардын акыркы тобу 21-июнда Ош-Жидда багыты боюнча араб өлкөсүнө жөнөп кетишет.

Быйыл Кыргызстандык ажылардын саламаттыгына 20 дарыгер көз салат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12295