Энергетиктер кагаз дүмүмрчөктөрдөн баш тартууну пландоодо
RU

Энергетиктер кагаз дүмүмрчөктөрдөн баш тартууну пландоодо

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан Улуттук электр тармагы тиричилик абоненттери үчүн кагаз дүмүрчөктөрдөн баш тартып, бардыгын онлайн жана тиркеме аркылуу төлөмгө өткөрүүнү пландаштырууда. Бул маалыматты Kaktus.media сайтына компаниядан тастыкташты.

Учурда пилоттук долбоор Бишкектин төрт районунда "Менин жарыгым" тиркемеси аркылуу ишке ашырылууда. Тактап айтканда, калктуу конуштарда:

  • "Ак-Бата", "Ак-Тилек-1", "Ак-Тилек-2" - Свердлов району;
  • "Көк-Жар" - Октябрь району;
  • "Ала-Тоо" - Ленин району;
  • "Мурас-Ордо" - Биринчи Май району.

Долбоорго 9226 абонент катышууда. Алар кагаз дүмүрчөктөрдөн баш тартып, электрондук дүмүрчөккө өтүү боюнча компания менен кошумча келишим түзүшкөн.

Эмне үчүн электрондук дүмүрчөккө өтүү керек?

Онлайн төлөм жүргүүзү үчүн "Менин жарыгым" тиркемесин абоненттин өздүк эсеби жана фамилиясы аркылуу телефонуна жүктөп алуу керек. Андан кийин эсеп-фактуралар тиркемеге келип турат. Ал жерден накталай акча менен да төлөй алышат.

Энергетиктердин айтымында, пилоттук долбоордун абоненттеринин 88%ы тиркемени бир-эки ай колдонушту жана канааттанышууда. Ал эми электрондук дүмүрчөктөн баш тартып, мурдагыдай эле кагаз алгысы келгендер бар, алар негизинен пенсионерлер.

Тиркемени Бишкек шаарындагы бөлүштүрүүчү компаниянын каалаган абоненти колдоно алат.

"Кыргызстан Улуттук электр тармагынын аналитиктери долбоор бир топ каражатты үнөмдөөгө мүмкүндүк берерин белгилешти", - дейт компаниядан.

Жыл сайын квитанцияга 7 тонна кагаз жумшалат. Мындай чыгашалардан санариптештирүү аркылуу арылса болот дешет.

Пилоттук долбоор канчага созулары азырынча белгисиз.

Эске салсак, 1-майдан тарта калк үчүн электр энергиясына болгон баа 23 тыйынга кымбаттап, 1 сомду түздү. Ал эми электр энергиясын керектөө 700 кВт сааттан ашкан учурда тариф мурдагы деңгээлде – кВт/саат үчүн 2,16 сом бойдон калат. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана жарандар үчүн тариф дагы мурдагы деңгээлде сакталып, 1 кВт/саат үчүн 50 тыйынды түзөт.

Калк үчүн электр энергиясын чектөөсүз (лимитсиз) колдонуудагы тариф кВт/саат үчүн 5,04 сомдун ордуна 3,28 сомго чейин төмөндөтүлдү.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12313