Парламентте Марлен Маматалиев онлайн-казинолор кандай иштей турганын көрсөттү
RU

Парламентте Марлен Маматалиев онлайн-казинолор кандай иштей турганын көрсөттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев онлайн-казинолор кандай иштей турганын көрсөттү. Ал жыйындын башында президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайсы сан жагарын сураганын, муну жөн жерден сурабаганын айтты.

"Жыйындын башында сизден кайсы сан жагарын сурасам, 7 дедиңиз. Меники 17. Бекер сураган жокмун. Мен сиздин көзүңүзчө онлайн казиного кирем. Бул орус рулеткасы сыяктуу оюн. Бул жерде мен 7 жана 17 деген санды бастым. Жүздөгөн жарандарыбыз онлайн казино ойноп, коюмдарды коюп, акчасын жоготуп, телевизорлорун, апасынын зер буюмдарын сатып, унааларын, үйлөрүн күрөөгө коюп жатышат. Мына азыр сиз экөөбүз койгон сан 8ди көрсөтүп жатат, биз утулдук. Мына ушинтип көбү сызга отуруп калышат", - деди.

Маматалиев Санариптик өнүктүрүү министрлиги эмне кылып жатканын сурап, мындай сайттарга бөгөт коюу керектигин белгиледи. Анын айтымында, бул компаниянын Бишкекте он, Ошто эки, Кара-Сууда бир кеңсеси ачылган. Тез арада кеңселерин жабуу керектигин кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12326