Биринчи Май райондук соту Елена Калашникованын баш коргоо чарасын тандады
RU

Биринчи Май райондук соту Елена Калашникованын баш коргоо чарасын тандады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

19-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту коррупция беренеси боюнча кармалган Туризмди өнүктүрүү фондунун төрагасы Елена Калашниковага карата баш коргоо чарасын тандады.

Kaktus.media сайтына маалым болгондой, Калашниковага карата 22-июлга чейин УКМКнын СИЗОсуна камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Анын орун басары Александр Валитов да 22-июлга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети RestPoint курулуш долбоорун ишке ашырууда фонддогу коррупция фактысы боюнча иш козгогон. Укук коргоо кызматкерлери компаниянын кеңсесинде жана Калашникованын үйүндө тинтүү жүргүзүшкөн.

Калашникова Kaktus.media сайтына берген маегинде ага каршы ким арыз жаза аларын айткан.

18-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети анын кармалганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12376