Туризмди өнүктүрүү фондунун президенти Елена Калашникова кармалды
RU

Туризмди өнүктүрүү фондунун президенти Елена Калашникова кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коррупция ишине шектелип Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчилери кармалды. УКМК таратан маалыматта фонд ири өлчөмдөгү акчаны ысырап кылганы айтылат.

Тергөөнүн жүрүшүндө алынган далилдерди эске алуу менен фонддун президенти K.E.A. жана вице-президенти В.А.И. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мыйзамда белгиленген мөөнөттө аларга тиешелүү айып коюлуп, сот тергөөнүн мөөнөтүнө бөгөт коюу чарасын тандайт.

Коопсуздук комитеттен фонддун жетекчилерин кармоого эмне негиз болгонун кеңири түшүндүрүштү.

Уставдык капиталы 1 млрд сом менен "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" түзүлгөн.

Бирок улуттук коопсуздук органдары тарабынан жүргүзүлгөн иштердин алкагында көрсөтүлгөн максаттарга бөлүнгөн каражаттардын ири өлчөмдө ысырап кылынгандыгы, аларды максатсыз пайдалангандыгы, фонддун жетекчилеринин негизсиз жогору эмгек акысы жана объектилерди жогорулатылган баа менен куруу фактылары боюнча маалыматтар алынган.

Бул фактылар боюнча 336-берененин 1-бөлүгү (Коррупция) негизинде кылмыш иши козголуп, фонддо тинтүү жүргүзүлүп, тергөөгө тиешелүү финансылык документтер алынган.

Алынган доокументтерди алдын ала талдоо көрсөткөндөй, 2022-жылы фондго өлкө бюджетинен 1 миллиард сом бөлүнгөн, анын 608 миллион сомдон ашыгы туризмди өнүктүрүү боюнча бир катар долбоорлорго өздөштүрүлгөн.

Алсак, 21 эс алуу жайынын ("Рест Поинт") курулуш долбоорунун алкагында подряддык уюмдарга 100% контракттык сумма 105 млн сомдон ашык которулган жана долбоордук-сметалык документтери, аткарылган иштердин актылары жана каржылоонун негиздемеси жок болуп, бүгүнкү күнгө чейин бир дагы объекти пайдаланууга берилген эмес. Ошону менен бирге "Рест Поинтов" жеке курулушунун баасы, алдын ала маалыматтар боюнча, дээрлик эки эсеге көп жана 13 миллион сомдон ашык.

Ар бир келишимдин баасы 40 миңден 256 миң еврого чейин өзгөрүп турган, ар кандай туристтик объектилерди өнүктүрүү боюнча "Концептуалдык идеяларга 715 миң евродон ашык сарпталып, аталгандарды даярдоо боюнча чет өлкөлүк компаниялар менен көптөгөн келишимдерге өзгөчө көңүл бурулган.

Белгилей кетсек, бул келишимдерде эч кандай техникалык шарттарды, долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу каралган эмес, долбоорлорду даярдоо менен гана чектелип, Фонддун кызматкерлери бүгүнкү күнгө чейин тергөөнү камсыздай алышкан эмес.

Тергөөдө ошондой эле бир гана арыздын негизинде фонддун жеке компанияларга жеңилдетилген шартта кредиттерди берүү фактылары, бизнес-пландары жок жана бул долбоорлордун келечеги бүдөмүк болуп,фонд тарабынан 65 миллион сомдон ашык каражат жумшалган фактылар аныкталган.

Жогоруда айтылгандардан тышкары фонд жетекчилик үчүн ашыкча жогорку айлык акыларды белгилеген, ошондой эле туризм тармагында тажрыйбасы жок, бирок айына 6 миң доллардан ашык суммада эмгек акыны белгилөө менен чет өлкөлүк консультанттарды тартуу практикасын киргизген.

Азыркы учурда Фонддун жогорудагы мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо максатында текшерүү иштери жүргүзүлүп, керектүү экспертизаларды дайындоо пландалууда.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул кылмыш ишинин тергөөнүн жүрүшү жана жыйынтыгы боюнча коомчулукка үзгүлтүксүз маалымат берип турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12334