Бишкектеги Walcoin оюн клубдарына мөөр басылды
RU

Бишкектеги Walcoin оюн клубдарына мөөр басылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Walcoin оюн-зоок клубдарына мөөр басышты. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Айтымдарында, 19-майда кечинде УКМКнын кызматкерлери криптовалюта биржасынын атын жамынган оюн-зоок клубдарын аныктоо иш-чараларын жүргүзүштү. Натыйжада Бишкектеги бардык Walcoin тармагы жабылган. Жалпы тогуз кеңсе бар.

Walcoin оюн клубдарынын бардык кызматкерлери жана кардарлары кармалып, УКМКнын Чүй облусу боюнча тергөө кызматына жеткирилди. Walcoin клубдарына мөөр басылды.

Белгилүү болгондой, аталган жайдан электрондук машиналар жана электрондук рулетка табылган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12377