Медициналык уюмдун кызматкерлери күчүн жоготкон токтомго таянып үстөк акча алып жүрүшкөн
RU

Медициналык уюмдун кызматкерлери күчүн жоготкон токтомго таянып үстөк акча алып жүрүшкөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облустук медициналык маалымат борборунун кызматкерлери мыйзамсыз үстөк акча алып жүргөн факты аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Аталган саламаттыкты сактоо уюмунун кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн "Оор жумуштарга жана эмгек шарттары зыяндуу же кооптуу жумуштарга кошумча акыларды белгилөө тартиби жөнүндө жобону жана өзгөчө эмгек шарттары бар иштердин (оор жумуштар, эмгектин зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө шарттары бар жумуштар) түрлөрүнүн тизмегин бекитүү тууралуу өзгөчө климаттык шарттар менен иштөө)" туралуу 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 258-токтомуна таянуу менен зыян келтиргендиги үчүн эмгек акысынын 25% өлчөмүндө үстөк акы алышкан. Бирок тиешелүү ченеми 2022-жылдын август айында күчүн жоготкон.

Мындан тышкары аталган мекеменин жетекчилиги өкмөттүн 2011-жылдын 19-январдагы №13 "Саламаттыкты сактоо кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө"токтомуна таянып, эмгек акысынан тышкары 5% өлчөмүндө үстөк акы алып турган. Токтом 2022-жылдын мартында күчүн жоготкон.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Ысык-Көл облустук медициналык маалымат борборунун жетекчиси жана кызматкерлери тарабынан келтирилген зыяндын орду толугу менен толтурулган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12378