Бишкекте көмүскө кумар оюн жайлары аныкталды
RU

Бишкекте көмүскө кумар оюн жайлары аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан мыйзамсыз иштеген оюн-зоок жайлары аныкталып, ишине бөгөт коюулду. Коопсуздук комитеттин маалыматында айтылгандай, оюн-зоок жайлары криптобиржа жана криптомайнинг кызматтарын көрсөтүүчү ишкананын атын жамынып келишкен.

Текшерүүнүн жүрүшүндө тиешелүү уруксатт документтери жок "Р.Г." ЖЧКсынын оюн-зоок жайлары аныкталып, тинтүү болгон. Анда ири суммадагы акча каражаттары табылган. Мындан тышкары тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында иш жүзүндөгү кирешени жашыруу документтештирилген фактылар аныкталды.

Учурда жогоруда аталган кылмыш иштерине тиешеси бар адамдарды, ошондой эле республикалык бюджетке келтирилген зыяндын суммасын аныктоо боюнча кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12406