Улуттук китепкананын директору кызматтан убактылуу четтетилди
RU

Улуттук китепкананын директору кызматтан убактылуу четтетилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

А.Осмонов атындагы улуттук китепкананын директору Нуржан Иманкулова ээлеген кызматынан убактылуу четтетилди. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Анда айтылгандай, ушул жылдын февраль айында Башкы прокуратура китепканада текшерүү жүргүзүп, кызматка дайындоодо, каражаттарды иштетүүдө мыйзам бузуулар бар экенин жана китептердин жоголуусун аныктаган. Мунун негизинде Иманкулова суракка чакыртылып, апрель айында кылмыш иши козголгон.

Маданият министрлигинин билдирүүсү боюнча, жогорудагы мыйзам бузуулар Нуржан Иманкулованын өзүнө ыйгарылып берилген милдеттерди так аткарбоосунан жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусунан улам келип чыккан. Азыркы тапта министрлик Иманкулованы ээлеген кызматынан убактылуу четтетти.

Улуттук китепкананы 2021-жылдан тарта Нуржан Иманкулова жетектеп келген. Factcheck.kg басылмасынын маалыматына караганда, Иманкулова Самат Ибраевдин мурдагы аялы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12414