Политехтин жетекчилиги: Акаевдин лекциясына студенттерден каршы билдирүү түшкөн эмес
RU

Политехтин жетекчилиги: Акаевдин лекциясына студенттерден каршы билдирүү түшкөн эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

И.Раззакова атындагы КМТУнун (Политехтин) жетекчилиги тунгуч президент Аскар Акаев студенттерге лекция өтөт деп жарыялабаганын расмий билдирди. Бул тууралуу редакцияга келген билдирүүдө айтылат.

Ошондой эле Политехтин жетекчилигине студенттерден лекцияны өткөрбөө боюнча кайрылуу түшпөгөнү маалымдалды.

Эске салсак, буга чейин Кыргыз Республикасынын биринчи президенти Бишкекке Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жана Улуттук илимдер академиясында лекция окуу үчүн келгени белгилүү болгон. Кийинчерээк университеттин бир катар студенттери Акаевдин университетте лекция өтүүсүнө каршы чыгышкан.

Студенттер ректорго кайрылуусун социалдык тармактарга жарыялашты. Кайрылуу текстинде азыркы жаш муун үчүн "Аскар Акаев – коррупциянын, уурулуктун, бүлдүрүүнүн жана чыккынчылыктын символу" деп айтылган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12418