Кыргызстан менен Кытай 25 млн долларга "Бишкек сүйүүсү" сериалын тартат
RU

Кыргызстан менен Кытай 25 млн долларга "Бишкек сүйүүсү" сериалын тартат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан менен Кытай "Бишкек сүйүүсү" биргелешкен сериалын тартат. Мындай макулдашууга Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына жасаган сапарынын алкагында жетишилген.

18-майда Сиань шаарында Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Beijing Zhongyi Boyue Culture Media Co. компаниясынын ортосунда сериал тартуу боюнча макулдашууга кол коюлган. Президенттин маалымат кызматынан долбоордун баасы 25 млн доллар экенин билдиришти.

"Кыргызфильм" киностудиясынын директору Акжол Бекболотов Kaktus.media сайтына бул долбоордун айрым деталдарын айтып берди. Анын айтымында, алдын ала сюжет Бишкектеги кытайлык ишкердин окуясын баяндайт. Анын окуясы аркылуу кино жаратуучулар эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык жана достук мамилелерди көрсөтүшөт.

"Азырынча тараптар келишимге кол коюшту. Эми биргелешкен жумушчу топ түзүп, сценарийин иштеп чыгып, тартуучу топту чогултушубуз керек. Долбоордун аталышы "Бишкек сүйүүсү". Тасма Кыргызстанда жана Кытайда тартылат. Сериал 2024-жылга чейин тартылат деп күтүп жатабыз. Бул 30 сериялуу долбоор болот. Алдын ала бюджети 25 миллион долларды түзөт. Кытай тарап каржылайт ", - деди Бекболотов.

Мындан тышкары Маданият министрлиги менен Shaanxi Tianhan Shengdian Film Company Ltd. 40-сериядан турган "Жибек жолунун алыскы шамалы" биргелешкен сериалын тартуу долбоорун макулдашты. Долбоордун баасы 38 млн доллар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12419