Иманалиев: Акаевди чакырууга министрликтин тиешеси жок. ЖОЖдордо да лекция болбойт
RU

Иманалиев: Акаевди чакырууга министрликтин тиешеси жок. ЖОЖдордо да лекция болбойт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев министрлик экс-президент Аскар Акаевди жогорку окуу жайларга лекция окууга чакырбаганын билдирди.

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин 22-майдагы жыйынында депутат Аида Исатбек кызы акыркы күндөрү социалдык тармактарда экс-президенттин келиши кызуу талкууланып жатканын белгиледи.

"Келечекти уурдап кеткен киши жаштарга лекция окуйт. Биздин муундун көбү ата-энесиз чоңоюшкан, анткени алар так ушул адамдардын айынан миграцияда жүрүшкөн. Буга кандай карайсыз?" - деп сурады ал министрден.

Каныбек Иманалиев буга Билим берүү министрлигинин эч кандай тиешеси жок деп жооп берди.

"Балким ректорлор өздөрү чакыргандыр, бул алардын укугу. Бирок ал өлкөдөгү кырдаалды дестабилдештирбеши керек. Мен чиновникмин, мыйзамдарды аткарышым керек. Тыюу салууга укугум жок. Бирок кандайдыр бир провокация болсо, ректорлор жеке жооп беришет. Мен аткаруу бийлигинде иштейм, саясаттан алысмын. Бирок бир дагы экс-президент менен кызматташкан эмесмин", - деп белгиледи министр.

Эл өкүлү Аида Исатбек кызы студенттерди Аскар Акаевдин лекциясына катышуунун зарылчылыгы барбы деген маселени карап чыгууга чакырды.

Ошол эле учурда депутат Айбек Маткеримов Иманалиев бардык жоопкерчиликти ректорлорго оодаруу менен туура эмес иш кылып жатканын айтты.

"Ректорлор барын өздөрү чечсе, бизге министрликтин эмне кереги бар, эч нерсеге жооп бербесеңер эмнеге отурасыңар?!", – деп ачууланды.

Иманалиев ЖОЖдун ректорлору жыйынды угуп жатканын айтып, алар туура чечим чыгарарына ишенерин билдирди.

Бул арада депутат Аида Исатбек кызы Аскар Акаевдин лекциялары үчүн КМТУнун ректору менен бирге Улуттук илимдер академиясынын президентине да чара көрүүнү сунуштады. Анын айтымында, Акаевдин лекциялары жалпыга маалымдоо каражаттарында айтылгандай, бир гана Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде эмес, Улуттук илимдер академиясында да өтмөк.

Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Чолпонкул Арабаев бул маселе боюнча мекеме Аскар Акаевди лекция өтүп кет деп чакырбаганын билдирди.

"Мен жума күнү командировкадан кайттым, бүгүн президент Москвага командировкага учуп кетти. Биз эч кандай план түзгөн эмеспиз, Аскар Акаевди чакырган жокпуз. Бул анын тарапташтарынын эле сөздөрү болсо керек", - деп кошумчалады Арабаев.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев өз кезегинде билим берүү мекемелеринде лекциялар болбой турганын билдирди.

Эске салсак, Аскар Акаев менен Майрам Акаева Кыргызстанга келишкен. Маалым болгондой, Акаев Политехте жана Улуттук илимдер академиясында лекция окушу керек болчу. Политехтин студенттери ал лекцияга каршы чыгышты. Бул арада аталган окуу жайдан лекция жокко чыгарылганын кабарлашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12421