Иманалиев: Министрлер кабинети мектеп директорлорун дайындоо тартибин өзгөртөт
RU

Иманалиев: Министрлер кабинети мектеп директорлорун дайындоо тартибин өзгөртөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинети мектеп директорлорун дайындоо тартибин өзгөртүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу 22-майда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев билдирди.

Депутат Аида Исатбек кызы акыркы убакта тестирлөө жолу менен дайындалган директорлорго нааразычылыктар көп болуп жатканын эске салды.

"Бирөөнү коллектив киргизбей жатат, балдарды митингге алып чыгып жатышат, дагы бирине ата-энелер нааразы болуп жатат, эмне кылуу керек?", - деп сурады эл өкүлү.

Билим берүү министрлигинин жетекчиси директорлорду дайындоонун биринчи цикли май айында аяктаганын айтты.

"Андан кийин өкмөттүн токтомуна өзгөртүүлөр киргизилет: талапкерлерге карата талаптар күчөтүлөт, анын ичинде соттолбогон, команда менен иштөө боюнча аңгемелешүү жүргүзүлөт", - деди Иманалиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12423