Айыл чарба министрлиги "Тойбосс" колбасасы боюнча текшерүүнүн жыйынтыгын чыгарды
RU

Айыл чарба министрлиги "Тойбосс" колбасасы боюнча текшерүүнүн жыйынтыгын чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Тойбосс" колбасаларын чыгарган "Адал-Азык" компаниясынын продукциясынын ветеринардык-санитардык корутундусу Ветеринардык кызмат тарабынан Айыл чарба министрлигине тапшырылды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мыйзам бузуунун булагын аныктоо боюнча иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Жалпысынан 57 үлгү жөнөтүлүп, алардын бардыгы чочко ДНКсы боюнча терс жыйынтык көрсөткөн.

Даяр эт азыктарынан, колбаса кошулмаларынын компоненттеринен үлгүлөрүн эки ата-мекендик, эки казакстандык жана бир россиялык кызматтар текшерген.

Белгилей кетсек, Россиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы (Россельхознадзор) Кыргызстандан экспорттолгон колбасанын курамында соя жана чочконун ДНКсы аныкталганын билдирген. Бирок аны министрлик менен катар проукцияны өндүргөн "Тойбосс" компаниясы четке кагып келет.

Эске салсак, мындан тышкары Россельхознадзор кыргызстандан сүт, жүгөрү үрөнү жана балыкты экспорттоого чектөө киргизген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12428