Окуучу кызды тизелетип кечирим сураткан окуя. Прокуратура текшерүү жүргүздү
RU

Окуучу кызды тизелетип кечирим сураткан окуя. Прокуратура текшерүү жүргүздү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сузакта окуучу кызды тизелетип, кечирим суроого мажбурлаган окуя коомдо кызуу талкууга алынып, көбүнүн нааразычылыгын жаратууда. Бул окуя боюнча текшерүү жүргүзүлгөнүн Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Сузак райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен 19-майда райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына мыйзам бузууларды четтетүү жана күнөөлүүлөргө тартиптик чара көрүү сунушу киргизилгени айтылат маалыматта.

Билим берүү министрлиги окуя ушул жылдын январь айында болгонун, иликтөө иштери жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен күнөөлүүлөр жазасын аларын билдирди.

Белгилесек, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы №16 мектепте окуучу кыз башка окуучу кыздан тизелеп кечирим суроого аргасыз болгон. Анын видеосу соцтармакка тараган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12429