Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын облус, шаарлардагы башчылары алмашты
RU

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын облус, шаарлардагы башчылары алмашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бир катар бөлүмдөрүнүн жетекчилери ротацияга байланыштуу жаңы кызматтарга дайындалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Ички иштер министрлигинин буйругу менен:

  • милициянын полковниги Абдукеримов Альберт Маматбекович - Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулуп, Талас ОИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кызматына;
  • милициянын полковниги Чалыбаев Мирлан Райымбекович - Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын финансы-чарбалык башкармалыгынын башчысы кызматынан бошотулуп, Нарын ОИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кызматына;
  • милициянын подполковниги Джумагулов Айбек Рыскулович - Бишкектин кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматынан бошотулуп, Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн башчысы кызматына;
  • милициянын подполковниги Жангабылов Бактыбек Кемелович - Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Нарын ОИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулуп, жол кайгуул кызматы жана укук колдонуу практикасы башкармалыгынын нөөмөт бөлүгүнүн башчысы кызматына;
  • милициянын подполковниги Кошматов Асылбек Абдыганиевич - Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кадрлар бөлүмүнүн кесиптик даярдык жана өздүк курамы менен иштөө тобунун улук тескөөчүсү кызматынан бошотулуп, ошол эле башкы башкармалыктын финансы-чарбалык башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалды;
  • милициянын подполковниги Исаков Алмазбек Карыпович - Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Талас ОИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" мыйзамына ылайык укук коргоо органдарынан бошотулду.

Жаңы дайындалган жетекчилерге жол кырсыктарын алдын алуу, жол кырсыктарынын санын кыскартуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү иш-чараларын чыңдоону тапшырмалары берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12438