Садыр Жапаров иш сапар менен Москвага барат
RU

Садыр Жапаров иш сапар менен Москвага барат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров 2023-жылдын 24-25-майында Москва шаарында II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) отурумуна катышат. Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

"Президент 24-майда Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мүчө-мамлекеттеринин башчылары менен бирге "Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция" Евразиялык экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышат.

Ошондой эле 25-майда Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчылары евразиялык мейкиндиктеги бир катар актуалдуу маселелерди талкуулап, Биримдиктин мындан аркы өнүгүүсү боюнча пикир алмашат. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө, ошондой эле Биримдиктин ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалган", - деп билдирди Азымбакиев.

Эске салсак, Садыр Жапаров 9-майда Россиянын Кызыл аянтында Жеңиш күнүн майрамдоого катышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12439