Өзгөндөгү окуучулардын мушташы. Милиция окуянын жагдайын айтты
RU

Өзгөндөгү окуучулардын мушташы. Милиция окуянын жагдайын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөндөгү Ж. Мойдунов атындагы №11 орто мектептин окуучулары мушташып, бир катар мугалимдер тартиптик жааз алышкан. Билим берүү жана илим министрлиги окуя 17-майда сабактан тышкары убакта болгону билдирген.

Облустук милициядан Kaktus.media мушташтын айрым жагдайларын айтып беришти. Маалыматка ылайык, 8-класстын окуучулары 7-класстын окуучуларынан акча талап кылышкан.

"Окуянын бардык катышуучулары ата-энелеринин катышуусунда суракка алынды. Окуучулардын айрымдары рэкетчилик болгонун четке кагышууда. Учурда тергөө амалдары улантылууда", - дешет милициядан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: Сергей Лачугин/rg.ru.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12440