Таркович курама командага Байматовду эмнеге чакырганын түшүндүрдү
RU

Таркович курама командага Байматовду эмнеге чакырганын түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын жаңы башкы машыктыруучусу Штефан Таркович экс-капитан Азамат Байматов эмне үчүн кайра командага чакырылганын айтып берди. Ал белгилегендей, Байматовдун ролу командага эң пайдалуу жана мыкты оюнчуларды тартуу.

Ал акыркы оюндарда улуттук курама тогуз гол өткөрүп жибергендигин, анын алтоо стандарттуу абалдан болгондугун, ошондуктан коргонууда узун бойлуу оюнчулар керектигин эске салды.

"Менин болжолум боюнча, Азамат Байматов бул позицияга идеалдуу келет. Албетте, башка оюнчулар бар – булар Кичин, Акматов, Браузман жана Козубаев. Бирок, тилекке каршы, Кичин бизге биринчи оюнда жардам бере албайт", - деди машыктыруучу.

Эске салсак, Таркович 1-июндан 9-июнга чейин Бишкекте машыгууларды өткөрө турган Кыргызстандын улуттук курама командасына чакырылган оюнчулардын кеңейтилген тизмесин жарыялаган. Команда 10-июндан 16-июнга чейин команда CAFA Nations Cup 2023 турнирине катышат.

Бул улуттук кураманын башкы машыктыруучусу алмашкандан кийинки алгачкы оюну.

Байматов акыркы бир нече жылдан бери улуттук курама командада ойной элек. Ал 2021-жылы ошол кездеги Футбол федерациясынын жетекчилигин жана машыктыруучуларын улуттук курама команданын дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунда көрсөткөн оюну үчүн сынга алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12446