УКМКдан дары-дармек департаментинин жетекчиси эмнеге кармалганын айтышты
RU

УКМКдан дары-дармек департаментинин жетекчиси эмнеге кармалганын айтышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Дары-дармек департаментинин жетекчилиги кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, 23-майда Бишкек шаарында Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин директору Айнура Абалиева, анын орун басары жана эки бөлүмдүн жетекчилери кармалды.Алар Бишкек ШИИББине жеткирилген.

Бүгүн, 24-майда УКМКдан департаменттин жетекчилиги кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, опузалап пара талап кылуу фактылары боюнча кармалганын кабарлады.

Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин директору А.А.И. тарабынан белгиленген тартипти бузуу менен дары-дармек каражаттарын каттоонун жана сертификациялоонун тартибин тездетилген тартипте өткөрүүдө туруктуу коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду деп айтылат маалыматта.

Директор департаменттин жооптуу кызматкерлери менен жең-учунан сүйлөшүп алып, оң чечим чыгаруу жана күбөлүк берүү үчүн фармацевтикалык ишканалардан акча каражаттарын алып турган. Атайын тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, коррупциялык схеманын катышуучулары - Департаменттин кызматкерлеринин ортомчулугу менен А.А.И.нин иш бөлмөсүндө пара алуу фактылары катталган. Ошол эле учурда иш жүзүндө лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес/же формалдуу түрдө жүргүзүлгөн.

Дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоо - Кыргыз Республикасынын аймагында дары-дармек каражаттарын медициналык колдонууга уруксат алуу процесси.

Учурда департаментинин директору А.А.И. УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы учурда УКМК тарабынан бул иш боюнча бардык жагдайларды, ошондой эле жогоруда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12465