Муздак суу көйгөйү байкалдыбы? Мэрия түшүндүрмө берди
RU

Муздак суу көйгөйү байкалдыбы? Мэрия түшүндүрмө берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын ЖЭБинде профилактикалык иштер жүргүзүлүп, ысык суу берүү бир айга токтоду. Буга байланыштуу шаардын кээ бир бөлүгүндө муздак суунун басымынын төмөндөшү байкалууда. Шаардык мэриядан бул убактылуу көрүнүш экенин билдирет.

"Муздак сууну керектөө олуттуу өстү. Бишкек шаарында жылуулук электр борборунда жана негизги жылуулук тармактарында оңдоо иштеринен кийин ысык суу берүү жанданат. Учурда муздак сууну керектөөнүн өсүшү суроо-талаптын жогорулашына байланыштуу суу менен камсыздоо тутумунун кубаттуулугунан ашып кетти", - деп айтылат маалыматта.

Муздак суунун жетишсиздигинен көйгөй жаралса, 1533 кыска номуру аркылуу "Бишкексууканал" ӨЭБна кайрылуу сунушталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12467