УКМКга уюшкан кылмыштуу топтун ондогон мүчөлөрү жеткирилди
RU

УКМКга уюшкан кылмыштуу топтун ондогон мүчөлөрү жеткирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Уюшкан кылмыштуу топтун ондогон мүчөлөрү УКМКга жеткирилди. Маалыматты Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн кабарлашты.

Айтымдарында, 23-майда коопсуздук комитеттин башкы башкармалыгына уюшкан кылмыштуу топтордун 50-70ке жакын мүчөсү жана кылмыштуу топторго тиешеси жок, бирок кармоо учурунда жеринде болгон адамдар жеткирилген.

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, айрымдары бошотулду. Азырынча алардын кармалышынын себеби белгисиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12471