Депутаттар ЖРТны жокко чыгарууну же босого баллды төмөндөтүүнү сунушташты
RU

Депутаттар ЖРТны жокко чыгарууну же босого баллды төмөндөтүүнү сунушташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аймактардын тургундары жалпы республикалык тестирлөө өткөрбөөнү сунушташууда. Бул тууралуу 24-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.

Анын айтымында, ЖРТда түзүлгөн ар кандай суроолор таланттуу балдардын шагын сындырып жатат.

"ЖРТнын суроолорун ар түрдүү кылып түзүп алат экен. Ушул боюнча оюңуз кандай?", - деди ал.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев бул маселени жакшылап изилдеп чыгып, тестирлөө зарыл деген бүтүмгө келгенин айтты. Ал коррупцияга жол бербейт дейт.

"Биз аны өзгөртөбүз, бирок ЖРТ кала берет".

Өз кезегинде вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев ЖОЖдорго тапшыруу үчүн босого баллды төмөндөтүүнү сунуштады.

"Бүтүрүүчүлөр керектүү баллды ала албай, ЖОЖдорго барбай, миграцияга кетип калышат. Ал жакта иштеп, аягында калышып, окуунун кереги жок болуп калып жатат", - деди ал.

Иманалиев босого балл тескерисинче, көтөрүлөт деп жооп берди.

"Эгерде андай кылбасак, билим деңгээлин көтөрө албайбыз, кээ бир райондордо абитуриенттердин 83%га жакыны 110 балл ала алышпайт, калган райондордо 87%га жакын. Бул мектеп окуучулары "экиге" окуганын көрсөтүп турат. Биз эч кимди жогорку окуу жайда окууга мажбурлабайбыз, бирок тапшырып жаткандар мектеп программасын жок дегенде билиши керек", - деди ал.

Сыдыгалиев анда биринчи кезекте мугалимдердин окутуу деңгээлин көтөрүү керектигин айтты.

Министр бардыгын параллелдүү жүргүзүү зарыл дейт.

Депутат Шарапаткан Мажитова айрым мектептердин жетекчилиги окуу жайдын рейтингин бузбоо үчүн жакшы окубаган окуучуларды ЖРТга өткөрбөй жатканын айтты.

Иманалиев мындай учурлар бар деп жооп берди. Ал текшерүүнүн жыйынтыгында Чүй облусунда ЖРТга окуучуларды өткөрбөй койгон райондук билим берүү бөлүмүнүн эки жетекчиси, шаардык билим берүү бөлүмүнүн бир башчысы жана сегиз мектеп директору ээлеген кызматынан бошотулганын билдирди.

"ЖРТга ар бир адам катышышы керек. Мектептердин рейтингинде ЖРТнын орточо баллы жана "Алтын тамга" сынагына катышкандардын саны да камтылган", - деп кошумчалады ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12490