Эльвира Сурабалдиева милициянын вебкам бизнеси менен күрөшпөй жатканына нааразы болду
RU

Эльвира Сурабалдиева милициянын вебкам бизнеси менен күрөшпөй жатканына нааразы болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева милиция вебкам бизнеси менен күрөшпөй жатканына нааразы болду.

Депутат ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаевден бул бизнес менен жалпысынан кандай күрөшүп жатышканын сурады.

"Адамды жарнама кылбайм, бирок анын кандай бизнеси бар экенин баары билет. Бул бизнеси үчүн батирлерди ижарага алат, анан айыпка жыгылат. Бирок мындай жайлар айып төлөгөндөн кийин кайра ачылат. Муну менен кантип күрөшөсүз?", - деп сурады ал.

Аширходжаев бул маселеге даяр эмесмин деп жооп берди. Сурабалдиева мындай жоопко канааттанбай, күрөш талаптагыдай болбой жатканын айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12519