Жогорку Кеңеште Эльвира Сурабалдиева менен Каныбек Иманалиев кайым айтышты
RU

Жогорку Кеңеште Эльвира Сурабалдиева менен Каныбек Иманалиев кайым айтышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева менен билим берүү министри Каныбек Иманалиев кайым айтышты.

24-майдагы парламент жыйынында депутат райондук мектептердин мугалимдери химия, физика сабагында эксперимент жүргүзүү үчүн реагенттердин жетишсиздигине наарызы болуп жаткандыгы тууралуу маалымат берди.

Иманалиев реагенттерге бюджеттен каражат бөлүнгөн эмес деп жооп узатты.

"Анда реагенттерге акча жок болсо бул сабактарды таптакыр алып салыңыз. Алар эксперименттерди кантип жүргүзүшү керек?" – деп ачууланды депутат.

Иманалиев бул маселени мектеп директорлору жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чечиши керектигин айтты. Мисал катары ал Кара-Суу шаарындагы №114 мектептин директорун келтирип, 12-16 миллион сом өлчөмүндө грант тартканын маалымдады.

"Мектептин өзүнүн чарбасы бар, ал жерде биогумус өндүрүлөт, тоок өстүрүлөт, картошка айдалат. Мектеп өз күчү менен реагенттерди сатып алат. Бишкек шаарынын мэриясы айрым мектептерге 30 миң долларга жабдууларды сатып алды, бул үчүн биз ыраазыбыз. Көйгөйдү директорлор, акимдер чечиши керек", - деди Иманалиев.

Сурабалдиева министрдин бул пикири менен макул эместигин билдирди.

"Бардык жоопкерчиликти аларга оодарып жатасыз. Сиз министрсиз! Сиз билим берүү тармагынын атасысыз. Сиз чуркашыңыз керек. Эмнеге анда чек арачыларга, бажычыларга үй салып жатышат, бирок мугалимдерге там курулбайт? Себеби министрлер ушундай (ред.: Иманалив)", - деп белгиледи депутат.

"Силер макулсуңарбы, жоксуңарбы, бирок мен бюджетте жок каражатты бөлүп бере албайм", - деди чиновник.

Сурабалдиева жооп кайтарып, министрликтеги бюрократиялык иштерди кыскартуу керектигин айтты. "Губернатордун орун басарлары тууган-уруктары китеп чыгарса, мугалимдерди сатып алышсын деп жатышат. Негизи эле уятсыз! Ар бир суур - агроном, бардыгын байкуш мугалимдерге түртүшөт", - деп айтып, эл өкүлү бала бакча маселелерин чечүүнү талап кылды. Айтымында, балдар мектепке даярдыгы жок келүүдө.

Иманалиев сегиз бала бакча кура турган демөөрчүлөрдү тапканын айтты.

"Кошумча 3000 бала бакча куруу керек, бюджеттик орундар 150гө жетет. Микрофонго айтуу оңой, бирок бюджетте жок акчаны табуу кыйын. Бир бала бакчанын курулушуна 24 миллион сом, кызматкерлердин айлыгы үчүн дагы 6 млн сом табышыбыз керек", - деп кошумчалады министр.

Сурабалдиева өзүнүн кайрылуулары менен Билим берүү министрлигин кыжырдантып коюшу мүмкүн деген оюн айтты. "Бирок бул менин жеке ишим эмес, шайлоочулар кайрылышат, таарынбагыла, ачууланбагыла", - деп Иманалиевге кайрылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12491