Кемпир-Абад иши: Активисттердин мүлкү конфискацияланышы мүмкүн
RU

Кемпир-Абад иши: Активисттердин мүлкү конфискацияланышы мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кемпир-Абад окуясы боюнча кармалган активисттердин мүлкү конфискацияланышы мүмкүн. Тиешелүү документти Рита Карасартова Facebook баракчасына жарыялады.

Документте ИИМдин тергөө кызматы "жашыруун" деген гриф менен КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Массалык баш аламандык уюштуруу") боюнча кылмыш ишин тергеп жатканы айтылат. Бул беренеде жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган. Аталган берене боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 12-майда айыпталуучулардын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн камакка алуу чечими чыккан.

Тизмеде Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов, Жеңиш Молдокматов, Марат Баязов, Кеңешбек Дүйшебаев, Рита Карасартова, Айбек Бузурманкулов, Али Шабдан, Асия Айтбаева, Илгиз Шаменов, Азимбек Бекназаров жана Темир Махмудов бар.

Карасартованын айтымында, тизмеге кимдин атына бир нерсе катталган болсо, ошолор кирген.

Карасартованын катында аларга кийин КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси ("Бийликти күч менен басып алуу") боюнча кылмыш иши козголгону айтылат. Бул берене боюнча айыпталуучуларды он жылдан он беш жылга чейин эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо коркунучу бар.

Эске салсак, 2022-жылы буга чейин бир катар жарандык активисттер менен саясатчылар Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы чыгышкан. Октябрь айында Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо боюнча комитет түзүлгөн. Эртеси эле массалык камакка алуулар башталган. 20дан ашык адам кармалып, айрымдары коомчулуктун жардамы менен үй камагына чыгарылган. Иштин бир бөлүгү жашыруун бойдон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12529