Кемпир-Абад иши: Илгиз Шаменовго кошумча айып угузулду
RU

Кемпир-Абад иши: Илгиз Шаменовго кошумча айып угузулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кемпир-Абад маселеси боюнча СИЗОго киргизилген активист Илгиз Шаменовго кошумча айып угузулду. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Адвокат белгилегендей, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы төмөндөгүдөй кошумча айып такты:

"Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузуу менен бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө багытталган аракеттерди уюштурууга даярдык көргөн".

"Бул берене боюнча жаза катары мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган.

"Кемпир-Абад иши" аталган жазык иши жакынкы арада сотко өткөрүлүп калчудай", - дейт Жоошев.

Илгиз Шаменов ооруканада дарылануусун уланып жатканын кошумчалады жактоочу.

Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (52 статьи)
Кемпир-Абад иши: Эрлан Бекчороев камакта калтырылды
2 Май 2023, 13:06
Активисттердин массалык кармалышы. Айрымдарына дагы эки айып тагылды
26 Апрель 2023, 12:25
Рита Карасартованы сот дагы эки айга камакта калтырды
19 Апрель 2023, 16:59
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12030