Дары-дармек департаментинин директору Айнура Абалиева СИЗОго киргизилди
RU

Дары-дармек департаментинин директору Айнура Абалиева СИЗОго киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сот коррупцияга шектелген Дары-дармек департаментинин директору Айнура Абалиеванын баш коргоо чарасын тандады. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

25-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясы А.Абалиеваны камакта калтырууну мыйзамдуу деп таап, 2023-жылдын 23-июнуна чейин УКМКнын СИЗОсуна жөнөттү.

УКМК А.Абалиева аталган башкармалыктын жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп, баюу максатында оң чечим чыгарып, фармацевтикалык ишканаларга күбөлүк берүү үчүн акча алганын билдирген.

Ошондой эле атайын кызмат А.Абалиеванын мекеменин кызматкерлери – коррупциялык схеманын катышуучуларынын ортомчулугу менен иш бөлмөсүндө пара алган фактыларын каттаганын маалымдады.

Ошол эле учурда иш жүзүндө лабораториялык изилдөөлөр такыр жүргүзүлгөн эмес же формалдуу түрдө жүргүзүлгөн.

"Кызмат адамдарынын мындай аракеттери сапаты талапка жооп бербеген дары-дармектерди каттоо коркунучун жаратып, өлкө калкынын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирет", - деп баса белгилешет УКМКдан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12531