Казакстандык ырчы Биржан Байбол кыргыз элинен кечирим сурады
RU

Казакстандык ырчы Биржан Байбол кыргыз элинен кечирим сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыркы учурда кыргыз элине да таанылып келе жаткан казакстандык ырчы Биржан Байбол социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кечирим сурады. Буга анын Бишкектеги алгачкы жеке концертинен кийинки талкуулар себеп болгон.

Концертте казак ырчысы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ырчы Нурайым Акылбекованын келерин күткөнүн айткан. Андан кийин коомдо талкуу жаралды.

"Урматтуу угармандар, инста колдонуучулар! Үйдө жатып мага да, Нурайымга да жазылган негативдерди окуп, тынч отура алган жокмун. Баарыңардан сабырдуу болууну суранам. Бишкектеги тушоо концертимдин максаты Нурайымды элге жаман көрсөтүү эмес болчу. Буга концертке келгендер күбө. Нурайымды жамандаган сөздөр оозумдан чыккан жок. Маектердин биринде да аны жамандаган эмесмин. Нурайымды концерттен күткөнүм чын, концертке чын жүрөгүмдөн чакырганым да чын. Карындашым менин концертиме катышууга милдеттүү эмес болчу. Мен кайда жүрсөм да кыргыз элине таанымал болуума бирден бир себеп Нурайым карындашым экенин моюнга алам. Ага алкышым өтө көп. Болуп жаткан окуялар боюнча Нурайым карындашымдан, кыргыз элимден кечирим сурайм. Суранарым негатив жазбаңыздар", - дейт ал.

Ошондой эле Нурайым Акылбекова менен кызматташууда эмне окуялар болгону эч кимге маалым эместигин, аны эч кимге айткысы келбей турганын белгиледи. "Менден кеткен катачылык болсо, кечирим сурайм", - деп сөзүн жыйынтыктады ырчы.

Белгилесек, Нурайым Акылбекова менен казакстандык Биржан Байбол аттуу ырчы дуэт катары иштешип башташкан. Бирок алардын кызматташуусу көпкө узабай токтоп калган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12535