"Болбогон сөз!" Адахан Мадумаров ЖМК боюнча мыйзам долбооруна пикирин билдирди
RU

"Болбогон сөз!" Адахан Мадумаров ЖМК боюнча мыйзам долбооруна пикирин билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ЖМК жөнүндө мыйзам Конституцияга ылайык өзгөртүлбөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын жыйынында Адахан Мадумаров билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Юстиция министрлиги аталган мыйзамды өзгөртүүгө болбойт деген расмий корутундусун чыгарган.

Эмнегедир алар бул мыйзамды колго алышкан. Бул болбогон сөз!

Жыйында юрист Нурбек Сыдыков президенттик аппарат ЖМКлар жөнүндөгү мыйзамга кандай өзгөртүүлөрдү сунуштап жатканын айтып берди. Ал жумушчу топ үч жолу гана чогулганын баса белгиледи.

"Бизде жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Бирок жыйын үч ирет эле болду. Негизинен иш жумушчу чатта өттү. Мыйзам долбоорунун төрт версиясын жиберишти, бардык варианттарга толуктоолорду киргиздик. Бирок коомдук талкууга башка версия коюлду", - деди юрист.

Сыдыков белгилегендей, мамлекет бардык веб-сайттарды жалпыга маалымдоо каражаттары катарына теңөө ниетинде. "Мыйзам долбоорунун нормаларында негизги көйгөй бардык веб-сайттар каттоодон өтүшү керек. Мындан тышкары Санариптик өнүктүрүү министрлиги дагы сайттарды каттай алат", - деп баса белгиледи ал.

Эске салсак, 13-майда кечинде президенттик аппарат жумушчу топтун кароосуна олуттуу өзгөртүүлөр менен "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорунун бешинчи вариантын сунуштаган.

Медиа коомчулук тарабынан мыйзам долбоорунун төртүнчү вариантына сунуштар 10-апрелде жөнөтүлгөн. Президенттик аппарат бир ай бою мыйзам долбоорун беренелер боюнча талкуулоо качан башталат деген суроолорго жооп бербей, дароо бешинчи вариантты сунуштап, медиа тармагынын сунуштары бешинчи вариантка эмне үчүн кирбей калганын түшүндүрүшкөн эмес. Президенттик аппарат бир айдын ичинде документтин кезектеги вариантын даярдап, медиа тармагынын өкүлдөрүнө документ менен таанышууга эки күн убакыт берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12537