Лицензиясы жок эле бала бакча ачууга уруксат берүү сунушталып жатат
RU

Лицензиясы жок эле бала бакча ачууга уруксат берүү сунушталып жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин 29-майындагы жыйынында лицензия жок эле бала бакча ачууга уруксат берүү маселеси каралды. Бул демилгени камтыган "Билим берүү жөнүндө" жаңы мыйзам долбоору социалдык саясат комитетинин биринчи окуусунда жактырылды.

Жаңы мыйзам долбоорундагы өзгөртүүнүн демилгечиси Жанар Акаев.

"Өлкөдө балдардын 76 пайызы бала бакчага барышпайт. Бул көйгөйдү Казакстан менен Өзбекстан лицензияны жокко чыгаруу менен чечти. Бул мыйзам долбооруна дагы ошондой өзгөртүүлөр кирди. Эгер, мыйзам долбоору колдоо тапса бала бакча иштетем дегендер Өрт өчүрүү кызматына жана Санитардык көзөмөлгө кызматына кабарлашат. Билим берүү министрлиги көзөмөлгө алат. Ушундай шартта бала бакчаларды ачыш керек. Азыр 14 жерден документ чогултуу керек. Сузакта бир ишкер эки кабаттуу хан сарайын бала бакчага берген экен. Азыр кимде бала бакча ачууга мүмкүнчүлүк болсо шарт түзүп беришибиз зарыл", - деди эл өкүлү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12602