Чөгөлөп кечирим сураган, бетине салют атылган окуучулар. Директор кызматтан бошотулду
RU

Чөгөлөп кечирим сураган, бетине салют атылган окуучулар. Директор кызматтан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сузактагы №16 С.Акбаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебиндеги "Акыркы конгуроо" салтанатында окуучунун бетине салют атылып, ал күйүк алганы айтылган. Ошондой эле видеолор тараган. Аталган окуя тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги расмий маалымат таратты.

Сузак райондук билим берүү бөлүмү берген маалыматка ылайык, бүтүрүүчүлөрдүн бири А.Ж. пиротехникалык каражатты күйгүзүп жаткан мезгилде 7-класстын окуучусу Ж.М. жанына бара калган. Аны эч ким чакырган эмес. Натыйжада окуучу Ж.М.нын бети күйүп калган. Учурда ал Жалал-Абад шаардык ооруканасында, абалы жакшы.

Буга чейин жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине пиротехникалык каражаттарды колдонбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кол койдурулган. Мындан улам №16 С.Акбаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин убактылуу директордун милдетин аткаруучу А.С.Нажмидинов жана директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары М.Абдуллаходжаева ээлеген кызматынан бошотулду.

Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарында уюштурулган бардык иш-чараларда пиротехникалык каражаттарды колдонууга тыюу салынарын эскертет.

Белгилей кетсек, буга чейин ушул эле мектептин окуучусу классташынан чөгөлөп кечирим сурап жатканы боюнча видео тараган.

Башкы беттеги сүрөттө күйүк алган окуучу. Видеодон алынган кадр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12606