Бишкекте 1-июндан тарта муздак сууга жана канализацияга тариф көтөрүлөт
RU

Бишкекте 1-июндан тарта муздак сууга жана канализацияга тариф көтөрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 30-майда Бишкек шаардык кеңеши муздак сууга жана канализацияга тарифтерди көтөрүүнү жактырды.

Токтом долбооруна Бишкек шаардык кеңешинин 33 депутаты колдоп, добуш берди.

Ага ылайык, 1-июндан тарта тарифтер төмөнкүдөй болот:

  • калк үчүн - салыктарды кошпогондо 10 сом 45 тыйын;
  • бюджеттик уюмдар үчүн - 12 сом 95 тыйын;
  • башка керектөөчүлөр үчүн - 18 сом 50 тыйын.

Канализация (1 куб метр үчүн, салыксыз)

  • калк үчүн - 3 сом 45 тыйын;
  • бюджеттик мекемелер үчүн - 4 сом 50 тыйын;
  • башка керектөөчүлөр - 9 сомдон.

Көп батирлүү турак жайлардын жалпы пайдалануудагы ички суу түтүктөрүн жана канализациясын тейлөө (жылына жалпы аянтынын 1 чарчы метрине, салыксыз)

  • калк үчүн - 15 сом 10 тыйын;
  • көп кабаттуу үйлөрдө жайгашкан башка керектөөчүлөргө - 15 сом 10 тыйын.

Депутат Мийзамидин Калыков ("Ынтымак") "Бишкексууканал" ишканасына Бишкек ЖЭБине кетчү ичүүчү сууну техникалык сууга алмаштырууну, ошондой эле суу эсептегичтерин орнотуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууну сунуштады.

Саидахмат Исмаилов ("Ишеним") таза сууну ысырап кылбоо үчүн тез арада суу эсептегичтерин орнотууну сунуштады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12632