Саммитке байланыштуу Балыкчы-Чолпон-Ата жолуна чектөөлөр киргизилет
RU

Саммитке байланыштуу Балыкчы-Чолпон-Ата жолуна чектөөлөр киргизилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2-3-июнь күндөрү Балыкчы-Чолпон-Ата унаа жолуна мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, бул күндөрү Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жана Европа кеңешинин төрагасынын жолугушуусу өтөт. Анда чет өлкөлөрдөн келген делегаттарды тосуп алуу жана коштоп жүрүү учурунда Балыкчы-Чолпон-Ата унаа жолдоруна маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат.

"Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара болгондуктан жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбооңуздарды, оор жүк ташуучу унаалар менен зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырабыз", - дешет бакшармалыктан.

Президенттик администрациядан маалымдашкандай, 2-июнда Чолпон-Ата шаарында Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында "Европа Биримдиги - Борбордук Азия" Экинчи Саммити өтөт.

Саммитке Садыр Жапаров, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеёв, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель катышат.

3-июнда Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргыз Республикасына расмий сапары болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12633