Лионель Месси 1,2 миллиард евролук сунуш алды: Жылдыздын атасы макул болду
RU

Лионель Месси 1,2 миллиард евролук сунуш алды: Жылдыздын атасы макул болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Лионель Мессиге Сауд Аравиядан рекорддук сунуш түшүп, коомчулукка жарыяланды: аргентиналык жылдызга эки жылдык келишим менен космостук сумма сунушталды. Долбоорду футболчунун атасы жактырган.

"Анын ПСЖдан кетиши күмөн туудурбайт, бирок Лионель Месси дагы эле "Барселонага" үмүттөнүүдө жана Сауд Аравиясы "Аль-Хилал" аркылуу ага тарыхтагы эң чоң келишимди сунуш кылууда.

Париждик клуб менен келишимдин бүтүшү апрель айында "Алтын топтун" жети жолку жеңүүчүсү Сауд Аравияга клубдун макулдугусуз барганда чечилген.

Эгерде аргентиналык футболчу Сауд Аравиянын клубуна кошулса, анда Месси 2 жылга 1,2 миллиард евро же жылына 600 миллион еврого келишим түзмөк. Бул Криштиану Роналду учурда алган суммадан 3 эсе көп.

Башты айланткан чон суммалар ошондой эле Лионель Мессинин атасына футбол тарыхындагы эң чоң комиссияны алууга мүмкүндүк берет. Маалыматка караганда, Хорхе Месси буга чейин "Аль-Хилалдын" келишим сунушун кабыл алган", - деп жазат Foot Mercato.

Эске салсак, Криштиану Роналду Сауд Аравиясында "Аль-Наср" клубунда ойноп, сезондо 200 миллион еврого жакын акча алат. Португалиялык жылдыз жаңы клубунда чемпионатты ийгиликсиз аяктады.

Ал эми Мессиге келсек, анын ПСЖ менен келишими 30-июнда аяктайт жана футболчу француз клубунун жаңы сунушунан баш тартты. ПСЖ аргентиналык чабуулчу тууралуу билдирүү жасаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12651