Бишкекте жана Ошто криптовалюта аркылуу акча адалдап жүргөндөр кармалды
RU

Бишкекте жана Ошто криптовалюта аркылуу акча адалдап жүргөндөр кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Криптовалюталар аркылуу системалуу түрдө акча каражатын адалдоо фактылары боюнча кылмыш иши козголду. УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында бир катар "Тезерлерди" алмаштыруучу жайлар иштеп келген.

2022-жылдын аягынан тарта "Виртуалдык активдер жөнүндө" мыйзам ченемдик укуктук актысы чыккан. Мыйзам виртуалдык активдердин жүгүртүү чөйрөсүндөгү негизги түшүнүктөрдү, аларды жүгүртүүнүн өзгөчөлүгүн белгилейт.

"Буга байланыштуу криптовалюталарды мыйзамдуу алмаштыруу үчүн Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынан лицензиялык уруксаттар талап кылынат. Бирок айрым акча алмаштыруу жайлар жана жеке адамдар тиешелүү лицензиясы жок иштеп жатышкан. Ошол эле учурда жашыруун акча алмаштыруу жайлары анонимдүү түрдө акча алмаштырып/жөнөтүшүп, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратууда. Бул аракеттер эч кандай жөнгө салуучу органдардан көз каранды эмес, эң негизгиси, салык салуудан качуу жана аны алып-сатарлык финансылык инструмент катары колдонуу мүмкүнчүлүгү", - деп айтылат маалыматта.

Жогорудагы фактылар боюнча 222-берене ("Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо") боюнча кылмыш иши козголду. Лицензиясы бар жеке фирмалар жана лицензиясы жок айрым жарандар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү кылмыш иштерине тиешеси бар адамдарга тезерлерди алмаштырып/жөнөтүп жаткандыгы аныкталды.

Кылмыш ишинин материалдарынын алкагында айрым жарандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кошумча тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12684