"Барселонага" кайтабы? Месси ПСЖ клубундагы акыркы оюнун өткөрөт
RU

"Барселонага" кайтабы? Месси ПСЖ клубундагы акыркы оюнун өткөрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Франциялык ПСЖ клубунун башкы машыктыруучусу Кристоф Галтиер 4-июнда аргентиналык футболчу Лионель Месси аталган клубдун курамында акыркы оюнун өткөрөрүн жарыялады. Бул тууралуу маалыматты Сhampionat таратты.

Белгилүү болгондой, келе жаткан дем алыш күндөрү, тагыраагы, 4-июнда ПСЖ 1-лиганын 38-айлампасынын алкагында Клермон менен оюн өткөрөт.

"Футбол тарыхындагы эң мыкты оюнчуну машыктыруу мен үчүн сыймык болду. Эртең Месси "Парк де Принс" стадионунда акыркы беттешин өткөрөт. Футболчуну күйөрмандары эң жакшы тосуп алат деп үмүттөнөм. Биринчи сезондо ал клубга көнгөнчө өзүн жакшы көргөзө албады, бирок экичи сезондо Месси жакшы маанилүү оюнчу болду. Мен ага карата айтылган сынды толугу менен негизсиз деп эсептейм ", - деген Галтиер.

35 жаштагы Мессинин ПСЖ менен келишими июнь айынын аягында аяктайт. Андан кийин аргентиналык футболчу эркин агент болуп калышы толук ыктымал. ЖМКнын маалыматына караганда, ага Сауд Аравиясынын "Аль-Хилал", Испаниянын "Барселонасы" жана Американын "Интер Майами" клубдары кызыгып жатат, бирок ПСЖ дагы аны алып калууга аракет кылышы мүмкүн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12703