Билим берүү министрлиги мектептерде акча чогултууга жана фонд түзүүгө тыюу салды
RU

Билим берүү министрлиги мектептерде акча чогултууга жана фонд түзүүгө тыюу салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-июнда билим берүү министри Каныбек Иманалиев мектептерде мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салуу боюнча буйрук чыгарды.

Мындай буйрук президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын алкагында чыгарылды. Буйрук боюнча төмөнкүлөргө тыюу салынат:

  • мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын 1-11-класстарынын окуучуларынын ата-энелеринен (мыйзамдуу өкүлдөрүнөн) мыйзамсыз акча өндүрүүнү жүзөгө ашыруу;
  • мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын алдында коомдук фонддорду жана башка коммерциялык эмес уюмдарды түзүү.

Мыйзамсыз акча чогултуу боюнча даттануулар үчүн Билим берүү жана илим министрлиги ишеним катын жана ишеним телефондорун уюштурууну пландаштырууда. Эгерде мындай фактылар аныкталса директорлорду, мугалимдерди жана башка мектеп кызматкерлери жумуштан бошотулат деп айтылат.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 26-майда өзүнүн жарлыгы менен мектептерде акча чогултууга тыюу салып, бюджеттен каражат бөлүүнү тапшырган. Ошол эле учурда мектептер мамлекеттик бюджеттен кандай каржыланары азырынча белгисиз. Белгилей кетсек, бул мектептерде акы төлөөгө тыюу салуу аракети биринчи жолу эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12705