Сот Елена Калашникованы камакта калтырды
RU

Сот Елена Калашникованы камакта калтырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Елена Калашникованы СИЗОдо калтырды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына шаардык соттон билдиришти.

Белгиленгендей, бүгүн, 2-июнда Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы жактоочулардын Калашникованын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызын карады.

Сот арызды карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды, башкача айтканда, ал 22-июлга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети RestPoint курулуш долбоорун ишке ашырууда фонддогу коррупция фактысы боюнча иш козгогон. Укук коргоо кызматкерлери компаниянын кеңсесинде жана Калашникованын үйүндө тинтүү жүргүзүшкөн.

Калашникова Kaktus.media сайтына берген маегинде ага каршы ким арыз жазышы мүмкүндүгүн айткан.

18-майда УКМК анын кармалганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12719