Балдардын майрамынан кийин борбордук аянттан 12 тонна таштанды чыгарылды
RU

Балдардын майрамынан кийин борбордук аянттан 12 тонна таштанды чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарындагы 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата ири майрамдык иш чаралардан кийин "Ала-Тоо" борбордук аянтынан 12 миң тонна танштанды чыгарылды. Бул тууралуу "Тазалык" муниципалдык кызматынын маалымат кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, балдардын майрамына арналган иш-чара жана D Billions тобунун алгачкы концертине 40 миңге чукул шаар тургундары жана коноктору келгендиктен таштанды урналары тез толуп калган учурлар катталган.

"Бишкек мэриясынын "Тазалык" муниципалдык ишканасы ыкчам иш аракетте убагында таштандыларды тазалап жатты. Борбор калаанын Свердлов, Ленин, Биринчи Май райондорундагы "Тазалык" муниципалдык ишканасынын бригадалары жалпысынан 12 тонна таштанды чыгарды. Эң көп "Ала Тоо" аянтынан 5 тонна таштанды чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Таштандыларды жыйноо ишине "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 40тан ашуун кызматкери, 28 атайын техникалар тартылган.

Башкы беттеги сүрөт: иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12720