Айзада Жамгырчиева эми Музыка телеканалын жетектейт
RU

Айзада Жамгырчиева эми Музыка телеканалын жетектейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгилүү алып баруучу Айзада Жамгырчиева Музыка телеканалына жетекчи болду. Ал бул кызматка бүгүн, 2-июнда дайындалды. Жамгырчиева менен байланышканыбызда редакциябызга буларды айтты.

"Чынында эле күтүүсүз болду. Музыка телеканалынын продюсери Канат Култаев башка кызматка дайындалып, ордуна мени сунуштаган экен. УТРКнын жетекчилиги сунушту жактырыптыр", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Музыка телеканалы 2012 жылдын 1-октябрынан тарта иштеп, кыргыз аткаруучуларынын хит ырларын, эң мыкты клиптерин жана концерттерин, ошондой эле музыкалык жана кызыктуу көрсөтүүлөрдү тартуулап келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12732