Таштандыга ыргытылган "бакыт каттары". Кат жеткирген компанияга айып салынды
RU

Таштандыга ыргытылган "бакыт каттары". Кат жеткирген компанияга айып салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бакыт каттарын" жеткирүүчү "Аманат Транс ЛТД" компаниясына айып салынды. Мындай чечим "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол эрежесин бузгандарга айып салынган конверттерди таштанды челектеринин жанынан табылгандан кийин кабыл алынган. Бул тууралуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине "Аманат Транс ЛТД" ЖЧКсына чара көрүү зарылдыгы тууралуу кайрылуу жолдогон. 2023-жылдын 17-майында бул ишканага мыйзам чегинде мыйзам бузуу боюнча 20 эсептик көрсөткүчтө айып салынган", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Эске салсак, май айынын башында Бишкек шаарынын тургуну 12-кичи райондогу калкты тейлөө борборунун жанындагы таштанды челектердин жанынан "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол эрежесин бузгандарга жазылган айып кагаздарын таап алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12735